Бүгүн, 12-февралда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек мэриясына 95 жаңы автобустун жана 42 даана атайын техниканын ачкычын тапшырды.
Ал ачкычтарды тапшырып жатып: “Бул коомдук транспортты жана шаардык кызматтарды жаңыртуудагы дагы бир маанилүү кадам. Бишкек шаарынын мэриясынын ырааттуу ишинин алкагында шаарды өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү артыкчылыктуу багыттар болуп саналат. Экологияны жакшыртуу максатында 17 миңден ашык дарак отургузулуп, жашыл аймактар кеңейтилди. Катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү жана электр энергиясын өндүрүү боюнча заманбап экотехнологиялык завод өз ишин баштады. Балдар бакчалары жана мектептер, жер алдындагы өтмөктөр курулду, шаардыктар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Бул иштердин баары Бишкек мэриясы тарабынан системалуу жана максаттуу түрдө ишке ашырылууда», - деди.
Адылбек Касымалиев ошондой эле муниципалдык ишканаларды техникалык жактан чыңдоо боюнча иштер улантылаарын белгиледи. Ал шаардык кызматтардын кызматкерлерин жаңы техниканы жоопкерчилик менен пайдаланууга, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга чакырды.
Белгилей кетсек, Youtong маркасындагы 12 метрлик автобустар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын программасынын алкагында сатылып алынган. Бюджеттик каражаттардын эсебинен сатылып алынган 42 даана атайын техниканын ичинде авариялык бригадалык автомобилдер, самосвалдар, гидрокрандар, JAC T-6 автомобилдери, траншеялык виброкатоктор бар.





