Бишкек: Курулуш талаптарын бузган компанияга 400 миң сом айып пул салынды
Новость

Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан рейддик иш-чаралар улантылууда. 

Текшерүүнүн алкагында Н. Коперник көчөсү 26/1 дарегинде 9 кабаттуу туак жай комплекси жана Ж. Баатыр көчөсү 50а дарегиндеги 14 кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.  Аталган объектилерде Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдеринин (СН КР 12-02:2018 “Курулуш өндүрүшүн уюштуруу”) талаптары жана “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору бузулгандыгы маалым болду. Ошондой эле объектинин бирдиктүү паспорту илинбей, техникалык коопсуздук талаптары сакталган эмес.

Натыйжада, курулуш компанияга карата текшерүү актысы түзүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.  Ошондой эле протколдун негизинде 400 000 (төрт жүз миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Министрлик курулуш тармагында иш алып барган бардык уюмдарды жана жеке жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курулуш талаптарын, ченемдерин жана эрежелерин так сактоого чакырат. Ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында техникалык регламенттердин талаптарын так аткарууга жана курулуш иштерин белгиленген стандарттарга ылайык жүргүзүүгө өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгын эскертет.