Ошто Барпы Алыкулов сейил багына 300дөн ашык дарак отургузулду.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, парктын жашылдандырылышы үчүн 5 түрдүү жазы жалбырактуу дарак отургузулду: ясень, катальпа, клен, каштан жана павловния.
Бул иш-чара шаар тургундары үчүн таза жана кооз эс алуу аймагын түзүүгө багытталган.