21-февралда Бишкек шаарында «ABA XXI кылым: турмуштук көндүмдөр, индивидуалдуулук, баалуулуктар» аттуу эл аралык практикалык конференция өтөт. Иш-чара аутизм спектринин бузулууларын (АСБ), заманбап коррекция ыкмаларын, үй-бүлөлөрдү колдоону жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүү маселелерин камтыйт.
Аутизм — заманбап медицина жана билим берүү тармагындагы эң актуалдуу темалардын бири. Эл аралык изилдөөлөргө ылайык, АСБ менен жашаган балдардын саны өсүүдө. Бул эрте аныктоо, коштоо жана социалдык адаптация маселелерин коом үчүн өзгөчө маанилүү кылат. Кыргызстанда аутизмди эрте диагностикалоо боюнча так статистика жок болгону менен, практика балдар арасында АСБ диагнозу көбөйүп жатканын көрсөтүүдө.
Конференция колдонмо мүнөзгө ээ болуп, жүрүм-турумду колдонмо талдоо (ABA) ыкмаларын өздөштүрүүгө кызыкдар болгон адистер үчүн ачык диалог аянтчасы болот. Өзгөчө көңүл турмуштук көндүмдөрдү калыптандырууга, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана баланын индивидуалдуулугун эске алууга, маданий контекстке ылайык иш алып барууга бурулат.
Бишкекте өнүгүү өзгөчөлүгү бар балдар менен иштеген 50гө жакын коррекциялык, билим берүү жана өнүктүрүү борборлору бар. Конференция ар түрдүү тармактагы адистердин күчүн бириктирип, АСБ менен жашаган балдарга сапаттуу жардам көрсөтүүгө багытталат.
Иш-чара АВА-адистерге, супервизорлорго, педагогдорго, дарыгерлерге, логопеддерге, дефектологдорго, балдар борборлорунун менеджерлерине жана ата-энелерге пайдалуу болот.
Конференцияга медицина, психология жана педагогика тармагындагы алдыңкы эл аралык жана улуттук адистер катышат. Хедлайнер — клиникалык психолог, АР супервизору, BCBA, IBA, CBA-S адиси Дарья Ли-Романова (Гонконг). Ошондой эле Россиядан келген эксперттер да чакырылган. Улуттук деңгээлдеги практик адистер да өз тажрыйбалары менен бөлүшөт.
Программада баяндамалар, панелдик талкуулар жана үй-бүлөлөр менен адистер туш болуп жаткан актуалдуу көйгөйлөрдү талдоо каралган.
Конференция аутизм темасына коомчулуктун көңүлүн буруунун маанилүүлүгүн жана ар бир адам түшүнүүгө, колдоого жана өз мүмкүнчүлүгүн ишке ашырууга укуктуу болгон инклюзивдүү коомду түзүү зарылдыгын баса белгилейт.