“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт
Новость

Бүгүн, 12-февралда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү.

Иш чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты.

Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып алган жарандар бүгүнкү күнгө чейин батирлерине ээ боло албай, курулуш объектилериндеги иштер токтоп тургандыгы боюнча бир нече жолу кайрылышкан. Ушуга байланыштуу Курулуш министрлиги тарабынан “Дөөлөт курулуш” ЖЧКсына тиешелүү эскертүүлөр жана курулуш иштерин жандандыруу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилген. Бирок компаниядагы каражат маселесинен улам, үлүш ээлеринин акчалары натыйжалуу пайдаланылбай, курулуш иштери жүрбөй калган.

Натыйжада, үлүш ээлеринин кайрылууларынын негизинде компаниянын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Президентинин көзөмөлүнө алынып, Курулуш министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилген. Бүгүнкү күндө “Дөөлөт курулуш” ЖЧКсынын жетекчилиги курулуш объектилерин толук бүткөрүү максатында аларды Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүп берди.

Министр өз сөзүндө системалуу иш-чаралардын негизинде компаниянын активдери мамлекетке өткөрүлүп, курулуш объектилериндеги иштер этап-этабы менен жандандырыларын белгиледи.  

“Кудайберген” жана “Шопоков” турак жай комплекстериндеги курулуш иштери 2 жылдын ичинде толук аяктоо пландалууда. Учурда токтоп турган жумуштарды бир айдын ичинде кайра баштоо чаралары көрүлүүдө Ошондой эле тиешелүү документтерди жана келишимдерди кайрадан кароо иштери жүргүзүлөт. Батирлердин наркы рыноктук баадан жогору белгиленбейт. Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн так график иштелип чыгып, материалдардын наркы эсептелет. Үлүш ээлеринин каражаттары түздөн-түз курулуш иштерине гана багытталат”-деди Нурдан Орунтаев.

Ар бир үлүш ээси менен түзүлгөн келишим тиешелүү адистер тарабынан кайра каралып чыгып, төлөмдөр жаңы бекитилген графикке ылайык жүргүзүлөт. Акча каражаттардын пайдаланылышы жана курулуштун ар бир этабы ачык-айкын негизде жүргүзүлүп, жалпы жоопкерчилик Курулуш министрлигине жүктөлөт. Даяр болгон батирлер бекитилген графикке ылайык тапшырылат. 

Жолугушуу үлүш ээлери тарабынан берилген бир катар суроолорго жооп берүү менен жыйынтыкталды.