Таласка 70 см кар жаады
Новость

Талас облусунда кечээки күндөн бери кар тынбай жаагандан улам Айтматов районунун айрым айылдарында унаа каттамы токтоп калганын жергиликтүү тургундар билдиришүүдө.

Райондогу Молдо Асан айылында электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери ыкчам аракет көрүп, электр жарыгын кайрадан калыбына келтиришти.

Учурда адистер электр берүү линияларын, трансформатордук көмөкчордондорду жана жабдууларды тыкыр текшерип, мүмкүн болгон авариялык өчүүлөрдүн алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Калкты туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.

Калың кар аймактагы жолдорду жаап, автоунаалардын жүрүшүн кыйла кыйындатты. Айрым тоолуу тилкелерде ат менен гана жүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ошого карабастан, энергетиктер керектүү аймактарга жетип, үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүдө. 

Тиешелүү кызматтар жол коопсуздугун камсыз кылуу багытында да иш алып барышууда. 

Ал эми облустун борбору — Талас шаарында кардын калыңдыгы 10–15 сантиметрге чейин жетти.