Дүйнөнүн мыкты балбандары бир килемде!
Новость

Бүгүн Бишкекте алгачкы жолу Эркин күрөш боюнча жаңы форматтагы турнир өтөт. Анда 10 өлкөнүн балбандары беттешишет. 

Кыргызстандын атынан Акжол Махмудов, Бекзат Алмазбек уулу,  Билол Шарип уулу, Орозобек Токтомамбетов, Малик Шаваев катышышат. Беттеште 4 балбан чемпиондук кур үчүн күч сынашат.

Аталган мелдешке эркин күрөш боюнча дүйнөлүк чемпион, япониялык балбан Ёсиносукэ Аояги, монголиялык эркин күрөш боюнча эки жолку чемпион Тумурочир Тулга жана Болгариянын Грек-гримм күрөшү боюнча көп жолку чемпиону Айк Мнацаканян да катышат.

Балбандардын беттешин саат 16:00дө УТРК Спорт каналынан көрө аласыздар!