Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен Бишкек шаарынын курулуш объектилерине карата рейддик текшерүүлөр улантылууда.
Аталган иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарынын Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы Фучика көчөсү 38 дарегинде курулуш жаткан 12 кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилди.
Текшерүү учурунда Кыргыз Республикасынын СН КР 12-02:2018 “Курулуш өндүрүшүн уюштуруу” жана “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптары бузулгандыгы аныкталды.
Натыйжада, “Премиум Хоум” ЖЧКсына карата акт түзүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протокол түзүлүп, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып салынды.
Министрлик курулуш компанияларына эскертет: бардык курулуш иштери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана курулуш нормаларына так ылайык жүргүзүлүшү зарыл, жана бул багыттагы рейддик текшерүүлөр мындан ары да улантылат.