Калың кардан улам Кынды ашуусунда жолдо калган туристтер куткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аба ырайы кескин өзгөрүп, кардын калыңдыгы 1 метрге чейин жеткен. Натыйжада Toyota 4Runner үлгүсүндөгү унаа менен бара жаткан Кыргызстандын эки жараны жана Кореянын эки жараны жолдо калып калган.
Кыйын шартка карабастан, алардын бири саат 07:00 чамасында «Кынды» чек ара заставасынын көзөмөл-өткөрүү жайына жөө келип, жардам сураган. Анын кайрылуусунан кийин ыкчам чаралар көрүлүп, кооптуу абалда калган жарандарга тиешелүү жардам көрсөтүлгөн.
Коопсуздук чаралары толук камсыздалып, жабыркагандар жок.