Чаткал районунда калың карга байланыштуу II даражадагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кардын калыңдыгы 1,5 метрге чейин жеткен.
Ошондой эле Бишкек — Ош автожолунун 255–260-чакырымдарында жана Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка автожолунда кар көчкү түшүп, эки күндөн бери тазалоо иштери жүрүүдө. Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу да убактылуу жабылды.