Бишкек шаарында быйыл 36 мектепти куруу жана капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында:
20 мектеп — мамлекеттик бюджеттен;
12 мектеп — Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан;
1 мектеп — Россия Федерациясынын колдоосу менен;
3 мектеп — жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулат.
Жаңы имараттар ишке берилсе, мектептердеги ашыкча жүктөм азайып, азыркы 46 миң окуучуга жеткен ашыкча орун маселеси чечилери белгиленди.