Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун Арал-Казарман тилкесине кар көчкү түштү
Новость

Бүгүн, 13-февралда Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунун Арал–Казарман тилкеси 243–296-чакырымдар аралыгында кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу жол эки тараптуу толук жабылды. 

Кар көчкүнүн көлөмү такталууда. Тазалоо иштери “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №18 Жол тейлөө мекемеси тарабынан жүргүзүлүүдө. Жерине атайын техника тартылып, тазалоо иштери уланууда.