Адылбек Касымалиев жана Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода Бишкектеги экотехнологиялык заводго барышты
Новость

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода катуу тиричилик таштандыларын жок кылуу жолу менен электр энергиясын өндүрүүчү экотехнологиялык заводдун иши менен таанышты. 

Иш сапардын жүрүшүндө өкмөт башчылары таштандыларды кайра иштетүү технологиялык процесси жана  ишканада колдонулган экологиялык чечимдер менен таанышты. Заводдун кубаттуулугу, таштандыларды кайра иштетүү системасы, ошондой эле таштандыларды утилизациялоонун натыйжасында электр энергиясын өндүрүү тууралуу маалымат берилди. 

Белгиленгендей, таштандыларды утилизациялоонун заманбап технологияларын киргизүү айлана-чөйрөгө экологиялык жүктү азайтууга, шаардын санитардык абалын жакшыртууга жана "жашыл" экономиканын принциптерин өнүктүрүүгө көмөктөшөт. 

Тараптар экологиялык жактан туруктуу технологиялар, таштандыларды рационалдуу башкаруу жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында тажрыйба алмашуунун жана кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. 

Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода заводду таштандыларды кайра иштетүү жаатындагы заманбап чечимдердин жакшы жана келечектүү үлгүсү деп атап, долбоорго кызыгуусун билдирди. Экотехнологиялык ишканага баруу Тажикстан делегациясынын иш сапарынын программасынын жыйынтыктоочу бөлүгү болуп калды.

Эске сала кетсек, 13-февралда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин чакыруусу боюнча Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген.