Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода баштаган делегациясы "Учкун" ААКсынын жана "Кызматтын" ишмердүүлүгүнө жогору баа берди
Новость

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына караштуу "Учкун" ачык акционердик коомунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышты. 

"Учкун" ишканасында эки өлкөнүн өкмөт башчылары китеп мукабалоо жана офсеттик цехтерди кыдырып, басма продукцияларынын өндүрүшү менен таанышты. Андан ары алар акциздик маркаларды, мамлекеттик маанидеги документтерди, атайын мамлекеттик бланктарды, мамлекеттик каттоо номердик белгилерин даярдоо процесстери менен тааныштырылды. Ошондой эле күйүүчү майдын сапатын белгилөө жана көзөмөлдөө үчүн жабдуулар көрсөтүлдү. 

Бүгүнкү күндө автотранспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоо номердик белгилери, айдоочулук күбөлүктөр, ID-карталар, окуу китептери, дипломдор жана мамлекеттик маанидеги башка басма продукциялары толугу менен "Учкун" ААКсынын өндүрүштүк базасында даярдалат. Тажикстандын делегациясы паспортторду жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди даярдоо боюнча көрсөтүлгөн өндүрүштүк базага чоң кызыгуусун билдирди. 

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев жана Премьер-министр Кохир Расулзода "Кызмат" мамлекеттик мекемесине барышты. Тажикстандын делегациясына калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар тууралуу айтып беришти. 

Белгиленгендей, 2025-жылы "Кызмат" мекемеси тарабынан 3,9 миллиондон ашык мамлекеттик кызмат көрсөтүлгөн, анын ичинен 539 миңден ашыгы онлайн форматта. Былтыр онлайн ID-карт алмаштыруу, жашаган жери боюнча убактылуу каттоо, айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштыруу, айдоочулук күбөлүктү санариптештирүү, транспорт каражаттарын онлайн сатуу жана сатып алуу, кыймылсыз мүлктү онлайн сатуу жана сатып алуу, онлайн ОСАГО, ЗАГС күбөлүктөрүн онлайн кайра алуу сыяктуу онлайн кызматтар ишке киргизилген. 149 миңден ашык жаран айдоочулук күбөлүгүн онлайн форматта алмаштырды. Мамлекеттик органдардын документ жүгүртүүсүн электрондук форматка өткөрүү жылына 1 миллиард сомдон ашык бюджеттик каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. "Кызматтын" жетекчилиги жүргүзүлүп жаткан долбоорлор, анын ичинде калкты тейлөө процесстерине жасалма интеллектти активдүү киргизүү, "Коопсуз өлкө" долбоору жана башка демилгелер тууралуу да айтып берди. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев белгилегендей, "Кызмат" мамлекеттик мекемеси мамлекеттик органдардын ишин системалуу оптималдаштырууну улантып, онлайн кызматтардын жаңы муунун киргизип, өлкөнүн санариптик экосистемасын кеңейтүүдө. 

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода ведомствонун жүргүзүп жаткан ишине жогору баа берип, санариптик мамлекеттик кызматтарга кызыгуусун билдирди. Ишканаларга баргандан кийин тараптар өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин белгилешти.