№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоо жокко чыгарылды
Новость

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-февралдагы жыйынында №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо боюнча 2025-жылдын 30-декабрындагы №196 токтомун жокко чыгарды.

Аталган округ боюнча 2025-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзамдуу деп табылды.