Көчкү алдында калган жаран табыла элек
Новость

Чүйдүн Жайыл районундагы Суусамыр айылынын Бороондуу жайлоосунда кар көчкүнүн астында калган жаранды издөө уланууда. Бүгүн издөө иштерине ӨКМден 24 куткаруучу, айыл аймактан 28, ИИМден 1 жана туугандарынан 2, жалпы 55 адам тартылды.

Жоголгон жаран 13-февралда түнкү саат 3:00дөн тарта изделүүдө. Кечээ ӨКМдин аймактык башкармалыктарынан, ведомстволук түзүмдөрдөн жалпы 24 куткаруучу чыгып, 10 баш койдун тарпын табышкан.

Эскерте кетсек, 12-февралда Д.А. аттуу 59 жаштагы эркек кишини 50 баш кой, 1 аты менен кар көчкү басып калган.