Суусамырдагы Бороондуу жайлоосунда кар көчкү алдында калган 20 баш койдун тарпы табылды. Ал эми жаран табыла элек. Аны издөө иштери кеч киргенине байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Куткаруучулар көчкү түшкөн аймактан 5 чакырым ылдый чабандардын үйүндө түнөшөт. Жергиликтүү тургундар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышты. Эртең, 15-февраль күнү издөө иши улантылат.
Белгилей кетсек, 12-февралда кар көчкү 59 жаштагы жаранды аты, 50 баш коюу менен басып калган.