Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда “Экосистемалардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн токойлорду сактоо жана калыбына келтирүү” долбоорунун концепциясы жана аны ишке ашыруу мөөнөттөрү талкууланды.
Тараптар долбоордун алкагында мөмө-жемиш токойлорун сактоо, калыбына келтирүү жана туруктуу пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле экосистемалардын туруктуулугун жогорулатуу жана айыл калкынын жашоо булактарын кеңейтүү багытындагы чаралар каралды.
Акылбек Мазарипов белгилегендей, токойлорду жакшыртуу өлкөнүн жаратылыш ресурстарын сактоо менен катар климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттерди күчөтүүдө да маанилүү ролду ойнойт.