Кыргыз футбол биримдиги 2028-жылы өтө турган Олимпиадалык курамалар арасындагы Азия кубогун өткөрүү үчүн Азия футбол конфедерациясына расмий талапкерлигин тапшырды.
Бул турнир Азиядагы эң маанилүү мелдештердин бири болуп саналат. Ага Азиянын 16 күчтүү курамасы катышат. Мелдешти өткөрүүгө Иордания, Япония, Катар, Бириккен Араб Эмираттары жана Өзбекстан да талапкер.
Белгилей кетсек, АФКнын инспекциялык сапары 2–6-мартта өтүп, жыйынтыгында кожоюн өлкө аныкталат.