“Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү” мамлекеттик медиа бирикмеси түзүлдү
Новость

Жаңы мамлекеттик медиа бирикме – "Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Чечим президенттин жарлыгын ишке ашыруу жана мамлекеттик ЖМКларды өнүктүрүү максатында кабыл алынган. Жаңы мекеме "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана", "Байчечекей" жана "Ала-Тоо" басылмаларын бириктирүү жолу менен түзүлдү.

Бул кадам мамлекеттик медианы модернизациялоого, бирдиктүү редакциялык саясат жүргүзүүгө жана маалыматтык мейкиндикти чыңдоого багытталган. Токтом менен мекеменин жобосу, штаттык саны жана кызматкерлерге коюлуучу талаптар да бекитилди.