Бүгүн, 17-февралда, казак тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.
Мамлекет башчылары кыргыз-казак мамилелеринин бардык багыттары боюнча өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу маселелерди, анын ичинде соода, транспорт, өнөр жай кооперациясы, энергетика жана суу ресурстары тармактарында мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.
Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго Казакстанда жүргүзүлүп жаткан, мамлекеттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн өзөгүн түзгөн конституциялык реформа тууралуу маалымат берди. Садыр Жапаров өз кезегинде Казакстандагы масштабдуу өзгөрүүлөрдү, анын ичинде бир палаталуу Парламентти түзүүнү колдой турганын билдирип, жалпы элдик референдумду ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.
Мамлекет башчылары бардык маселелерди ишеним, салттуу достук жана боордоштук маанайында чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Бул көп пландуу өз ара аракеттенүүнүн ырааттуу өнүгүүсү үчүн ишенимдүү негиз түзөт.
Президенттер ошондой эле ички саясий реформалар, чөлкөмдүк жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышып, муну менен бирге көп тараптуу форматта өткөрүлө турган алдыдагы биргелешкен иш-чаралардын графигин карап чыгышты.