Чикаго шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун кызматкери Boone County Jail абагында кармалып жаткан жаран Б.Б. менен жолугуп, консулдук-укуктук кеңеш берди.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Учурда АКШнын Иммиграция жана бажы кызматы жана башка укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө. Башкы консулдук абактын администрациясы жана жарандын жакындары менен туруктуу байланышта экени айтылды.
Эскерте кетсек, 4-февралда Индиана штатындагы Жей округунда болгон жол кырсыгынан төрт америкалык жаран каза болуп, окуяга шектүү катары кыргызстандык айдоочу кармалган.