Агартуу министрлигинде 12 жылдык билим берүүгө өтүү маселеси талкууланды
Новость

Бүгүн, 17-февралда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде 2026–2027-окуу жылына карата базистик окуу планы каралды.

Жыйынга агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, орун басары Надира Джусупбекова, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева жана башкалар катышты.

Талкууда 3–8-класстарды 11 жылдык программадан 12 жылдык билим берүү системасына өткөрүү, сабактардын жана окуу сааттарынын өзгөчөлүктөрү, ошондой эле интеграциялоо маселелери каралды. Мындан тышкары, 12 жылдык система үчүн окуу китептерин даярдоо жана окуу пландарын жаңылоо сунуштары талкууланды.