Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Күрөш федерациясынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп, 7–12-апрелде өтө турган спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына даярдык маселелерин талкуулады.
Жыйында инфратүзүмдү даярдоо, логистика, аккредитация, коопсуздук, медициналык камсыздоо жана маданий программа боюнча маселелер каралды. Жыйын соңунда мелдешти эл аралык талаптарга ылайык өткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.