Баткенде ЖРТнын эң жогорку упай ээлери сыйланат
Новость

Баткенде “Зээндүү жаштар – 2026” форуму өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, форум жаштарды билим алууга шыктандыруу, алардын интеллектуалдык дараметин өнүктүрүү жана келечекке болгон ишенимин бекемдөө максатында уюштурулган. Бул иш-чара жаш мугалим Санжар Абдинаби уулунун демилгеси менен жана  өкүлчүлүктүн колдоосу менен ишке ашкан.

Форумга билим берүү тармагындагы тажрыйбалуу жана ийгиликтүү спикерлер чакырылып, алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга активдүү даярдануу, кесип тандоо, ЖОЖго тапшыруудагы маанилүү жагдайлар туурасында кеңири маалымат беришти. 

Жаш ишкерлер ЖРТдан эң жогорку упай алган окуучуга, мугалимине атайын белектер, “Алтын сертификат” алган 3 окуучуга 50 миң сомдон берилерин айтышты. Ошондой эле ЖРТ жеңүүчүлөрүнө жана “Алтын сертификат” ээлерине облус, район-шаар башчыларынын да акчалай сыйлыктары каралган.