Кыргызстан-Корея: Маданий кызматташтык күчөйт
Новость

17-февралда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ким Кван Джэ менен жолугушту.

Тараптар маданият жана жаштар саясаты багытындагы кызматташтыкты кеңейтүү, музей ишин өнүктүрүү, маданий мурастарды сактоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Министр кореялык тарапты 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Чыңгыз Айтматовдун Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгына арналган иш-чараларга катышууга чакырды. Бул эки өлкөнүн маданий жана гуманитардык байланыштарын мындан ары чыңдоого чоң салым кошоору белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-корея маданий-гуманитардык кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экенин расмий түрдө ырасташты. Ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, маданий алмашууну кеңейтүү жана жаштардын катышуусун арттыруу боюнча тыгыз кызматташууга макулдашты.