Бишкекте “Агродиалог – 2026” айыл чарба форуму башталды
Новость

Бишкектеги К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде “Агродиалог – 2026” айыл чарба форуму өтүүдө. Иш-чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган.

Форумдун максаты – айыл чарба тармагындагы инновацияларды жайылтуу жана дыйкандардын тажрыйба алмашуусун күчөтүү. 2025-жылдын жыйынтыгы менен алдыңкы фермерлер сыйланып, министр Бакыт Төрөбаев медалдар жана 25 миң сомдук сертификаттарды тапшырды.

Белгилей кетсек, иш-чара 18–20-февралда агрардык университетте өтөт. Ал эми жыйынтыктоочу бөлүгү 21-февралда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышат.