Жогорку Кеңештин жаңы 4 депутаты ант берди
Новость

Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы 4 депутатына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров төш белги жана күбөлүктөрдү тапшырды.

Андан соң эл өкүлдөрү – Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов, Айгүл Карабекова жана Азизбек Абдуллаев ант беришти.

Эскерте кетсек, 3 депутат №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, ал эми Азизбек Абдуллаев №5 округдан, Элдар Сулайманов өз каалоосу менен мандат тапшырганына байланыштуу парламентке келди.