Кар көчкү басып калган 59 жаштагы Д.А. аттуу адамдын денеси бүгүн, 18-февралда ӨКМ куткаруучулары тарабынан табылып, көчкүнүн астынан чыгарылды.
Издөө ишин улантуу максатында бүгүн ӨКМден жалпы 27 куткаруучу, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинен 3 адис эки атайын шаймандары менен (георадар жана магнитометр) жана жергиликтүү тургундардан 40 адам, жалпы 70 адам тартылган.
Эскерте кетсек, 12-февраль күнү Чүй облусунун Суусамыр айыл аймагындагы Кызыл-Ой айылынын Бороондуу жайлоосунда 1967-жылы туулган Д.А. аттуу эркек кишини 50 баш кой, 1 аты менен кар көчкү басып калган. Ошол убактан тарта издөө иши тынымсыз улантылып келген.