Жайнак Үсөн уулу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Басма сөз кызматынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Төрага Марлен Маматалиев кол койду.
Жайнак Үсөн уулу жалпыга маалымдоо каражаттары тармагында мол тажрыйбага ээ. Алсак, 2015 - 2019-жылдары «НТС» телерадиокомпаниясынын башкы директору кызматын аркалап, ал эми 2019 - 2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясын жетектеген.
Муну менен катар Кыргыз Республикасынын «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамынын демилгечилеринин жана авторлорунун бири. Мындан тышкары, Жайнак Үсөн уулу санариптик телеберүүгө өтүү жана аны ишке киргизүү багытында кесиптик ишмердүүлүк жүргүзүп, 2015 - 2019-жылдары «Санариптик технологиялар» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору болуп эмгектенген.
Буга чейин Басма сөз кызматынын жетекчиси болуп иштеп келген Жайыл Русланов Жогорку Кеңештин Төрагасынын спичрайтери болуп дайындалды.