Манас улуттук академиясы тарабынан “Манас ааламы” аталышындагы виртуалдык музейди ачылды. Анда “Манас ааламы–2025” сынагынын алкагында жаралган 147 мыкты сүрөт жайгаштырылып, улуттук баалуулуктар заманбап көркөм чечмелөөдө чагылдырылган. Платформага дүйнөнүн каалаган бурчунан шилтеме аркылуу кирип, Манас дүйнөсү менен таанышууга болот.
Белгилей кетсек, виртуалдык музей президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” концепциясын ишке ашыруу жана Манас эпосунун үчилтигин — “Семетей”, “Сейтек” — изилдеп, дүйнөлүк деңгээлде жайылтуу максатында түзүлгөн.



