Жазгы талаа иштери үчүн дыйкандар жеңилдетилген баада күйүүчү-майлоочу майлар берилүүдө
Новость

Чүй облусунда 2026-жылдагы жазгы-талаа иштерине 12 миң 130 тонна дизель жана 3 миң 32 тонна бензин керектелет. Бул маалымат облустун өткөн жылдагы жыйынтыгын чыгарып, быйылкы пландарды тактаган коллегия жыйынында айтылды.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдиргендей, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда күйүүчү май жетиштүү.

Ошондой эле Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жазгы талаа иштерине 2 млн литр дизелди дыйкандарга 74 сомдон берүүдө. Ал эми май куюучу жайларда дизелдин баасы 78–80 сомду түзөт. Күйүүчү май менен камсыздоодо көйгөй жаралбайт деп күтүлүүдө.