2026-жылдын 18-февралынан 22-февралына чейин түзүлгөн кар көчкү кырдаалына жана аба табынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
- Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу, Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
- Ала-Бука – Каныш - Кыя жолунун Чапчыма ашуусу;
- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон ашуусу;
- Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымдары;
- Красная-Горка - Акташ унаа жолунун 0-3;
- Сары-Таш – Дароот – Коргон – Карамык унаа жолунун 97-98;
- Арал – Миң-Куш унаа жолунун 1-14;
- Арал - Суусамыр жолунун 8-21 чакырымы;
- Балыкчы – Казарман - Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусу жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Министрлик унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону жана мүмкүн болсо алыс сапарга чыкпай турууну эскертет.