Ысык-Көл: Шаты айылында 225 орунду билим уясы пайдаланууга берилди
Новость

Шаты айылында №8 Д.Молдогазиев атындагы мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Эки кабаттуу мектеп 225 окуучуга ылайыкталып, 16 окуу классы, спорт жана концерттик залдар, ашкана, китепкана жана заманбап жабдылган лабораториялар менен камсыздалган. 

Долбоор Дүйнөлүк банк каржылаган ERIK программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ишке ашырылды.