Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт
Новость

Бишкекте 6–12-апрель күндөрү күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) маалымдады.

Аталган мелдеште жалпысынан 24 медалдар топтому ойнотулат. 

Эске салсак, Азия чемпионаты Бишкекте буга чейин 2007, 2018 жана 2024-жылдары да уюштурулган.