Бүгүн, 19-февралда Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Италиянын Кыргызстандагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Степан Кула менен жолугушту.
Жолугушууда консулдук багыттагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, визалык жол-жоболор, эки өлкөнүн жарандарын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо боюнча пландар талкууланды.
Жыйынтыгында тараптар кызматташууну кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Италия жарандарынын кызыкчылыгында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.