Мамлекеттик салык кызматы электрондук соода аянтчалары аркылуу соода жүргүзүүдө колдонулуучу электрондук эсеп-фактуранын жаңы формасын ишке киргизди.
Электрондук эсеп-фактуранын бул формасы товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуунун алдында таризделет жана электрондук соода аянтчасы аркылуу андан ары сатууга арналган экспорттук товарларды коштоочу документ катары гана колдонулат.
Муну менен бирге мындай эсеп-фактураны тариздөө товарды сатуу деп таанылбайт жана салыктык милдеттенмелердин келип чыгышына алып келбейт.
Электрондук соода аянтчасында соода ишмердүүлүгү үчүн ЭЭФти кантип тариздөө керек:
- электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасына кирип, «маркетплейстер үчүн ЭЭФ» бөлүмүнө өтүңүз;
- экрандын жогорку оң бурчундагы «Кошуу» баскычын басыңыз;
- мындан ары салык төлөөчү «электрондук соода аянтчасында соода ишмердүүлүгүнүн алкагында эсеп-фактураны тариздөө жана колдонуу тартибине» ылайык белгиленген тартипте бардык пункттарды толтурушу керек.
Электрондук соода аянтчасында соода ишмердүүлүгүнүн алкагында таризделген эсеп-фактураны оңдоо мүмкүн эмес жана жараксыз деп таанылбай тургандыгын унутпаңыз.
Салык төлөөчү бардык маалыматтарды толук, так жана катасыз толтурууга милдеттүү. Анткени киргизилген маалыматтарды кийин өзгөртүүгө же жокко чыгарууга мүмкүн эмес.
Белгилей кетсек, ЭЭФтин жаңы формасын киргизүү бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды үзгүлтүксүз ташып чыгууну камсыздоо максатында ишке ашырылды.