УКМКны кандай реформа күтөт? Президенттин жообу
Новость

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча масштабдуу өзгөрүүлөр даярдалып жатканын билдирди.

Саламатсызбы Садыр Нургожоевич? Бул жолу УКМКнын мамлекеттик институт катары орду туурасында сөз кылсак.

Бул тармакта же күч түзүмдөрүндө мурун-кийин жетекчилик кызматта иштеп кеткендер да, карапайым калк деле Союз маалында КГБда ким иштерин билчү эмес. Акыркы убакта атайын кызмат дарегине УКМКнын кызматкерлери каалаган жеринде кызматтык күбөлүгүн көтөрүп чаап, чекист деген атты булгап бүтүштү деген өңдүү сындар айтылууда. Коомчулуктун атайын кызматка карата мындай баалоолорунан кабарыңыз барбы?

Албетте, кабарым бар. Бул боюнча тээ мурдатан эле досума бир нече жолу эскертип келгем. “Досум, УКМКнын кадыр-баркын көтөр. Мурдагы СССРдин КГБсындай баркы болуш керек. Антпесең, эл арасында “УКМКнын кызматкеримин” деп күбөлүгүн “камокторго” да көрсөткөн учурлар бар. Ушундай сын-пикирлерден арылалы” деп бир топ жолу айткам.

УКМКнын айрым кызматкерлери мыйзамдуулукту бузууга жана кылмыш жасоого тиешеси бар деген шек менен кармалып жатканын көрүп жатабыз. Бул аларга эбегейсиз бийлик берилгенден болуп кеткен эмеспи? Анткени атайын кызмат дээрлик бардык тармакта, айталы, курулуштагы мыйзам бузууларга деле, базардагы эт баасына деле, интимдик кызмат көрсөткөндөргө деле каршы күрөшүп калганын көрдүк да?

Дал ушул “интимдик кызмат көрсөткөндөргө каршы күрөш” боюнча видео жарыялашкан күнү эле чакырып алып: “Досум, бул тармакты ИИМге бер, бул алардын иши. Сен УКМКнын деңгээлин түшүрбө” деп айттым эле.

Ал эми коррупцияга аралашкан кызматкерлер боюнча азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Алар боюнча маалымат берүүгө болбойт.

— Кечээ жакында УКМКнын курамына кирген Чек ара кызматы менен Күзөт кызматын алардан бөлүп салдыңыз. УКМКнын алдыдагы реформасы тууралуу кененирээк айтып берсеңиз. Кайсыл багыттарда иш алып барат? Экономикалык кылмыштар, коррупция менен күрөшүү милдети калабы же башка органга өткөрүлөбү?

Алдыда күч түзүмдөрү боюнча чоң реформа турат. Мен бул реформаны мурда эле жасай баштайын деп пландагам. Бирок ар кандай себептер менен улам жылдырылып келген.

Эми буюрса, жакында баштаймын.

УКМК өзүнө тиешелүү иштер: чалгындоо, контрчалгындоо, конституциялык түзүлүштү коргоо, терроризм, экстремизм, бандитизм, баңгизаттарга каршы күрөш жана башка иштер менен алек болот.

Ушул тармактар боюнча тергөө укуктары өздөрүндө калат. Экономикага киришпейт. УКМК эмне менен алек болуп жүргөнүн, ким анын кызматкери экенин эч ким билбеши керек.

Реформадан кийин мурдагы КГБдай накта атайын кызмат болот.

ИИМ дагы өздөрүнө түздөн-түз тиешелүү милдеттер менен гана иш алып барат.

Тармагына тиешелүү тергөө укуктары өздөрүндө калат. Албетте, тизме түзүлүп, кайсы укуктар кимге берилери мыйзам менен кабыл алынат.

Жаңы Тергөө комитети түзүлөт. Тергөөнүн баары аларга өтөт. Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасы болсо, баарынын үстүнөн мыйзамдуу иш алып барылып жатабы, ошону көзөмөлдөйт.

Эмне үчүн Тергөө комитетин түзүп жатасыңар десеңиз, биз келечекти жана түбөлүктүүлүктү ойлошубуз керек.

Бүгүнкү күндө кандай?

УКМКда да, ИИМде да экөөндө тең “ОРД” (ыкчам-иликтөө ишмердиги) жана тергөөчүлөр бар. Баарынын үстүнөн бир эле министр башкарат. Мисалы, “оперативник” иш алып келет, иш адилетсиз дейли мисалы, бирөөнү “подстава” кылып эле камап жатат дейли.

Тергөөчүгө ишти өткөрүп бергенде тергөөчү “бул ишиң соттон өтпөйт” деп кабыл албай коёт. Анан тергөөчүнүн үстүнөн министр чалат дагы “кабыл алып, кылмыш ишин ач” деген буйрук берет. Тергөөчү айласы жок, амалы жок кылмыш ишин ачат.

Ошентип азыркы учурда адилетсиз болуп жаткан фактылар жок эмес. Ал эми Тергөө комитети болсо түздөн-түз президентке баш иет. “Оперативник” менен министр алып келген чийки иштерди кабыл албай коёт. Иш козгобойт.

Албетте, адилетсиздикке кабылып жаткан жарандарыбыз камалбайт. Дароо коё берилет. Мына ушундай кылганыбызда гана адам укуктары 100 пайыз болбосо дагы, 95 пайыз сакталат. Келечек муунга коопсуздук камсыздалат.

Экономикалык иштер деле ушундай болот. Эгер чындап кылмыш кылсаң камаласың, жалаа жабылып жаткан болсо бошотуласың. Эки башка орган бири-бирине баш ийбей, ортодо туура чечимдер чыгат.

Бул иштер келечекте жасала турган иштер. Имараттарын, техникалык базаларын даярдайбыз. Жарлык чыгат, тиешелүү мыйзамдар Жогорку Кеңешке киргизилет, анан талкуудан өтүп кабыл алынгандан кийин уюштуруу иштери башталат.

Быйыл бизде ШКУ саммити, Көчмөндөр оюну өтөт. Ошого байланыштуу реформаны ишке ашырууга эмдиги жылы киришебиз.

Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев