ӨКМ: Катуу шамалдан үйлөрдүн чатыры учуп, бак кулады.
Новость

Бишкек шаарынын Ленин районунун Москва көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн чатыры учуп, жакын жайгашкан үйдүн чатырына кулап, кооптулук жаралган. Ал эми Бакаев жана Интергельпо көчөлөрүндө үйлөрдүн чатырларын учуруп, бак кулаган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунда турак үйдүн  чатырын учуруп, бак кулап электр зымына асылып калган жана көп кабаттуу үйдүн сырткы жасалгысы 2 унааны басып калган.

Ошондой эле Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жар-Башы айылында, Сокулук районунун Маловодное айылынын, Москва районунун Беловодск айылында шамал үйлөрдун чатырын учуруп, бак кулаган. Ал эми Панфиловдун Күрпүлдөк айыл аймагында орто мектептин чатырын учуруп кеткен.

Учурда Ленин районунун Москва көчөсүндөгү чатырды коопсуздандырууга КР ӨКМдин Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана Панфилов районунун Октябрь айылындагы орто мектептин учуруп кеткен чатыры боюнча тактоого райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.

Эске салсак, Гидрометеорология кызматынын билдирүүсүно ылайык, Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы боюнча шашылыш билдирүү берилген.