Бүгүн, 21-февралда Бишкекте жана Чүй, Тплас облустарындагы катуу шамалдан жалпы жалпы 16 турак үй, 5 көп кабаттуу үй, 5 мектеп, 2 ишкана, 2 бала-бакча, 1 а/а имараты, 1 кароолчунун үйү, 6 сарай, 1 бастырма, 1 турак үйдүн дубалы, 2 унаа, 1 электр мамыча, 4 бак дарактар жабыркаган.
Анын ичинде Бишкек шаары боюнча 7 турак үй, 5 көп кабаттуу үй, 2 мектеп, 1 бала бакча, 2 ишкана, 2 унаа жабыркап, 2 бак кулап электр зымдары үзүлгөн.
Ал эми Чүй облусунда жалпы 2 турак үй, 3 мектеп, 1 айыл аймагынын имараты, 1 бала бакча, 5 сарай, 1 дубал, 2 бак кулады.
Ошондой эле Талас облусундагы шамалдан Айтматов районунда жалпысынан 7 турак үй, 1 кароолчунун үйү, 1 сарай, 1 бастырма жана 1 электр мамычасы жабыркаган.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Урматбек Шамыркановдун тапшырмасы менен жер-жерлерде ӨКМдин райондук ыкчам топтору, Жарандык коргонуу комиссиялары менен биргеликте тактоо жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.