Бүгүн, 23-февралга карата алынган маалыматка караганда республиканын негизги ашууларында жол кыймылына чектөө жок, бирок күн бүркөк.
Маалыматка караганда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын жүргүзүлүүдө. Жолдогу кырдаал туруктуу көзөмөлдө турат.