21-февралда жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Asian Athletics Cross Country Championships мелдешинде экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Курама команданын курамында Нурсултан Кеңешбеков, Жусуп Сулайман уулу жана Тилекжан Жекшеналы уулу күч сынашты. Спортчулар 10 чакырым аралыкты чуркап өтүп, күмүш медалга ээ болушту. Ал эми биринчи орунду Япониянын курама командасы ээлесе, үчүнчү орунду Кытай курамасы алды.
Эскерте кетсек, мелдеш Япониянын Фукуока шаарында өттү.