Бүгүн, 23-февралда Адылбек Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техникаларды тапшыруу аземине катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы иш-чарада сөз сүйлөп, куткаруучуларды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады. Ал бул күн эрдиктин, баатырдыктын жана Мекенди коргоонун ыйык парзынын символу экенин белгилеп, анын тарыхта да, бүгүнкү күндө да өзгөчө орду бар экенин айтты.
Салтанатта бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча системалуу иштин уландысы экени белгиленди. Акыркы беш жылда ведомство 652 даана автотранспорт жана атайын техника менен камсыз болуп, бул максатка 7 млрд сом багытталган. Бүгүн министрликтин бөлүмдөрүнө дагы 116 даана атайын техника тапшырылды. Бул көз карандысыздык жылдарындагы эң ири модернизация этаптарынын бири болуп, техникалык парктын толук жаңыланганын айгинелейт.
Өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин башчысы акыркы жылдары министрликти каржылоо өз убагында жана жетиштүү көлөмдө жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Мисалы, 2025-жылга карата министрликтин бюджети 5,5 млрд сомдон ашкан. Кошумча каражаттар авариялык-калыбына келтирүү иштерине, инфраструктуралык долбоорлорго, чек ара аймактарын өнүктүрүүгө, метеостанцияларды курууга, аэродромдорду модернизациялоого, көпүрөлөрдү жана стратегиялык объектилерди курууга багытталган.
Ошондой эле калк менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин активдештирүү зарылдыгы белгиленди. Сел, жер көчкү, жер титирөө, өрт сыяктуу тобокелдиктерге дуушар болгон аймактарда алдын алуу чараларынын маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Адылбек Касымалиев кыргызстандык куткаруучулардын жогорку профессионалдуулугун белгилеп, алар өлкө ичинде да, чет мамлекеттерде да татаал милдеттерди аткарып жатканын айтты. Алар Ысык-Көлдө тереңге сүңгүү иштерин жүргүзүп, Ленин чокусунда куткаруу операцияларын аткарып, ошондой эле Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүшкөн. Мындан тышкары, куткаруучулар Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоого да салым кошуп келишет.
Иш-чаранын соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы министрликтин өздүк курамына күнүмдүк жан аябас кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.
Салтанаттын алкагында өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамыркановго 116 даана атайын техниканын ачкычы тапшырылды.



