Алексей Ширшов темасы коомчулукта кайрадан көтөрүлүп, анын Москвадагы жолугушууга катышуусу талкуу жаратты. Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде бийлик анын маалыматын мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатканын билдирди.
— Социалдык тармакта Алексей Ширшовдун МинКаб төрагасынын орун басары, энергетика министри баштаган кыргыз делегациясы менен Москвада Россиянын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуудагы сүрөтү талкуу жаратты. Айрымдар буга чейинки маектериңизде Ширшов бир дагы мамлекеттик кызматка барбай турганын айтканыңызды эске салышууда.
Данияр Амангелдиев болсо “Ширшовдун билгендери, маалыматы бизге керек болуп жатат” деген мааниде кыскача комментарий берди. Бул жоопту окугандар “Кыргызстанда өз ишин Ширшовдон мыкты билген адис жокпу” деп да сындашууда. Кээси “Ташиев кетти, Ширшов келди” деп да чыкты. Чын эле бул жагы кандай?
— Макул, бул сурооңорго да жооп берейин. Анда кеп башынан болсун. Жаңылбасам, 2021-жылдын аягы болсо керек эле. Ортомчулар аркылуу Ширшов: “Мени камабаса Кыргызстанга барат элем, Максимдин чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы активдерин билем, ошолорду ачыктап, мамлекетке кайтарууга жардам берет элем”, - деп кайрылды. Себеби, Максим качкандан кийин тегерегиндеги балдардын баарын сатып кеткен. Баары талаада калган. Ошолордун бирөө ушул Алексей Ширшов болчу.

“Кудай жалгасын, келе берсин, билгендерин айтып берсин” деп уруксат бергенбиз.
Келди, кабыл алдык. “Азыр сага баягы бийлик жок. Мамлекеттик мекемелерден уурдай албайсың. Кылт этсең камаласың. Максим менен бирге жакшы эле байыгансыңар. Эми ошол байлыктарды мамлекетке кайтарганга жардам бер. Сенде болгон маалыматтарың менен бөлүш” деп бир шарт койдук.
УКМК, ИИМ менен кызматташып иштей баштады.

Натыйжада “Аврора Плюстан” бир канча коттежд, бир канча батир мамлекетке кайтарылды.


Баасы болжол менен 6 млрд сом деп эсептеп жатышат.
Эми Москвадагы сүйлөшүүлөргө катышуусу боюнча: Жогорку Нарын ГЭСтери боюнча биз “жебеген самсага” 37 миллион доллар, пайызы менен бүгүнкү күндө 51 миллион доллардан ашык акча каражат “Русгидрого” карыз болуп калдык. Бул карыздын пайызы күндөн-күнгө тууп жатат.
Эл аралык сот “ушундай пайыз тууйт” деп чечим чыгарып берген экен. “Ошол карыздан кутулуу жолдорун сүйлөшүп келгиле” деп, Данияр Амангелдиев баштаган делегацияны Москвага жибергем.
Ал ошол жактан Данияр Амангелдиевге телефон чалып, "Русгидро" боюнча Кыргызстанга пайдалуу маалыматтарым менен бөлүшөм деп сүйлөшүүлөргө кошулуп калыптыр. Себеби, илгери ошолор менен иштешип жүргөн да. Көп маалыматтары бар экен. Анын маалыматтары канчалык деңгээлде пайдасы тиет, убакыт көрсөтөт.
Эң негизгиси, Ширшовго илгеркидей бир министрликти минип алып башкарганга жол бербейбиз. Мамлекетке пайдасы болсо колдонобуз, жок болсо “тынч жүр” дейбиз.
Кыскасы, мамлекеттик казынага кол салууга жол бербейбиз.
Ошондуктан, Ширшов менен “манипуляция” кыла бергендерге көңүл бурбаш керек.
Энергетика министрлиги илгертен бери чогулган 137 миллиард сом карызын быйыл толук жаап бүтүп, эмдиги жылдан баштап кирешеге чыга баштайт. Бул системада таптакыр уурулук токтогон. Ошол үчүн 30 жылдан бери чогулган карызын 5 жылда жаап бүтүп жатат. Эгер уурулук уланып жаткан болсо кайдан жабат эле. Карызы күндөн-күнгө өсө бермек.
Эгер кокус эле уурулук фактылар менен кармалып калган кызматкерлер болсо эч кимге аёо жок. Бул жалгыз эле Энергетика министрлигине эмес, бардык министрликтерге, мамлекеттик мекемелерге жана мамлекеттик кызматкерлерге да тиешелүү.
Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев