ЖК төрагасы Марлен Маматалиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы калыптанган кызматташтыкты жигердүү улантуу маселеси талкууланып, айрым актуалдуу багыттар боюнча пикир алмашуу болду.
Төрага Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, парламенттик байланыштарды активдүү улантуу зарылдыгын айтты. Ошондой эле ал жакын арада Россияга расмий сапар менен барарын билдирип, бул сапар мамлекеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүүдө маанилүү роль ойной турганын жана жемиштүү болоруна ишеним артты.
Мындан тышкары, төрага кыргызстандык эмгек мигранттарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө түзүлгөн шарттарды жакшыртуу боюнча сунуштарын ортого салды. Ошондой эле Кыргызстанда россиялык номер менен жүргөн унааларды мыйзамдаштыруу жаатында биргелешкен иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Сергей Вакунов төраганын алдыдагы расмий сапарын уюштурууга көмөк көрсөтөрүн айтып, көтөрүлгөн бардык сунуштар маанилүү экенин белгиледи.
Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты эл аралык аянтчаларда жана тармактык комитеттердин деңгээлинде да өнүктүрүү зарылдыгына токтолушту.


