Фермерлерге рационалдуу тоюттандыруу жана жасалма уруктандыруу боюнча сабак өтүлдү
Новость

Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту KOPIA борбору менен биргеликте Кара-Суу району, Ноокат району жана Кара-Кулжа районунда окуу семинарларын өткөрдү.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Семинарлар айыл чарба малдарын туура багуу, рационалдуу тоюттандыруу жана жасалма уруктандыруу боюнча фермерлердин жана адистердин билимин тереңдетүүгө багытталды.

Негизги максат — заманбап мал чарбачылык ыкмаларын жайылтуу аркылуу өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу, малдын сапатын жана продуктивдүүлүгүн арттыруу.

Окуу программасы теориялык бөлүк менен катар практикалык машыгууларды да камтыды. Катышуучулар тоют рационун түзүүнүн илимий негиздерин, сапаттуу тоюттун малдын өсүшүнө жана сүт/эт өндүрүшүнө тийгизген таасирин, жасалма уруктандыруунун артыкчылыктарын жана генетикалык сапатты жакшыртуудагы ролун, ошондой эле айыл чарбасында заманбап биотехнологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүштү.

Адистердин айтымында, мындай окутуулар фермерлердин тажрыйбасын жаңылап, атаандаштыкка жөндөмдүү жана туруктуу айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Снимок экрана 2026-02-23 150533.jpg 141.7 KB