Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында 26-февралда ичүүчү суу өчүрүлөт
Новость

26-февралда саат 09:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин Ак-Жар конушу, Ак-Бата конушу жана Келечек конушунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган убакыт аралыгында турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүш объектилерине ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Сууну өчүрүү Ак-Жар жана Ак-Бата суу топтомолорундагы оңдоо иштерине байланыштуу экени маалымдалды.