Нарында кар көчкү атып түшүрүлөт
Новость

2026-жылдын 24-28-февраль күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 294-297-чакырымдарындагы Долон ашуусунда жана Кара-Үнкүр капчыгайындагы кар көчкү жүрүү коркунучу бар тилкелеринде карды атып түшүрүү иштери жүрөт. 

Учурда ага даярдык көрүлүп Долон метеостанциясына артиллерия жайгаштырылып жатат. Буга байланыштуу аталган унаа жолдун Оттук айылынан Сары-Булак айылына чейинки аралыгы 24-февраль күнү саат 12:00дон 16:00 го убактылуу жабылат. 

Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү убакытты божомолдоп сапарга чыгууну эскертип, абалды туура түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт. 

Кар көчкү түшүп, жолду жаап калган учурда жолду тазаланганга чейин жолду жабуу убактысы узартылышы мүмкүн.