Таласта 5миң 300 орундуу стадион курулууда
Новость

Талас шаарында 5300 көрүүчүгө ылайыкташтырылган стадион курулууда. Стадиондун жалпы аянты 5 жарым гектарды түзөт. 

Учурда монолит жумуштары, жерди тегиздөө, стадиондун тегерегин курчоо иштери жүрүп жатат. Курулуш 60% аяктап калды.

Мындан сырткары стадиондун аймагында 180 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай, спортчулар үчүн жатакана дагы курулат.

Белгилей кетсек, стадион 2026-жылдын 31-августунда, өлкө эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата пайдаланууга берилет.