Бүгүн, 23-февралда Манас шаарында 167 аскер кызматкерине Мамлекеттик ипотекалык компания курган батирлердин ачкычы тапшырылды. Батирлерди тапшыруу аземине Түштүк-Батыш оперативдик кол башчылыгынын колбашчысы Самат Сейдалиев катышты.
Эскерте кетсек, 2025-жылы Коргоо министрлиги Каракол шаарында 40тан ашык аскерге жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырган.






